23-сентябрда түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…38;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12°, күндүз 18…20° жылуу болот.