Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жаңы турак үйлөр курулуп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрында пайдаланууга берилди. Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи ишке кирди. Ошондой эле, жаңы мектептин курулушу да башталган.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты В.А. Раимбачаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А.К. Солтонбекова, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А. Ташкулов, Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Ж. Исманов, араб өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Бул демилге аймактагы социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөр үчүн жашоо шартын жакшыртууга багытталган.