Аба ырайы: Кадимки коңур күз башталат
Новость

Бишкекте аба ырайы климаттык нормага кайтып жатат. Синоптиктердин билдиришинче, бүгүн салкын аба ырайы сакталып, ишемби - 20-сентябрдан тарта күн кайра акырындык менен жылый баштайт.  21-сентябрдан тарта кадимки «алтын күз» башталат. 

Бул борбордук жана түштүк региондордо жаан-чачынсыз, булутсуз аба ырайы сакталганы менен байланыштуу. Сентябрдын үчүнчү он күндүгүндө күн ачык болот. Келерки жуманын аягына чейин Бишкекте күндүзгү температура +20...+25°С болот.