Таластын Кайнар айылында жаңы бала бакча ачылды
Новость

 Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кайнар айылында 50 орунду бала бакча бөбөктөргө эшигин ачты. Бакча жергиликтүү ишкердин жеке демилгеси менен курулуп берилген. Ал эми “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондусу ичиндеги эмеректерди алып берген.

Бакчанын курулушу 2024-жылы башталган. Кайнар айылы облус борборунан 130 чакырым алыста, Казакстан менен чектешкен аймакта жайгашкан. Мындан улам жергиликтүү тургундар балдар бакчасына муктаж болгон. 

Кайнар айылында 50 орундуу балдар бакчасы менен катар эле кыска мөөнөттүү балдар бакчасы да ачылды.

Аталган айылда жакынкы күндөрү мамлекет тарабынан каржыланган 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталат. Айтматов районунда жыл соңуна чейин дагы 2 бала бакча пайдаланууга берүү алдында турат.