Таласта жыл соңуна чейин "акылдуу эсептегичтер" толук коюлуп бүтөт
Новость

 Талас облустук электр тармактар ишканасы жыл соңуна чейин аймактагы ар бир үйгө "акылдуу эсептегичтерди" коюп бүтөрүн билдирди. Облуска быйылкы жылга 35 миң 600 даана "акылдуу эсептегичтер" бөлүнүп берилсе, ушул тапта  25 миң даанасы коюлуп бүттү.

Талас облусунда 52 миң абонент бар. Облус калкы жылына 472 млн. 624 кВт саат электр энергиясын керектейт. Энергетика тармагы дубанда "акылдуу эсептегичтерге" өткөндөн тарта калктын электр энергияга болгон карыздар кескин түрдө азайганы байкалган.