Мамлекеттик салык кызматы миллиондогон сомдук салыктык мыйзам бузуулары үчүн "НОМОС" компаниясынын уюштуруучусун издөөдө
Новость

Мамлекеттик салык кызматы "НОМОС" ЖЧК компаниясы тарабынан салык мыйзамдарын одоно бузуу жана мамлекетке олуттуу зыян келтирүү фактылары аныкталганын билдирет.

Салык кызматы тараткан маалыматка караганда, 2024-жылдын август айында катталган аталган ишкана кыска мөөнөттүн ичинде Кыргызстандын аймагына 3 миллиард 506 миллион 184 миң 546 сом суммасындагы азык-түлүк товарларын (ананас, жүзүм, дарбыз, апельсин ж.б.) алып келген. Бирок расмий салыктык отчетунда бул товарларды андан ары сатуу жөнүндө эч кандай маалымат жок. Натыйжада 400 млн. сом өлчөмүндө салык төлөбөй коюу коркунучу пайда болду.

Бул мамлекеттик бюджетке түздөн-түз зыян. Компаниянын негиздөөчүсү Токтосунова Асия Адылбековна болуп саналат. Ал бүгүнкү күндө салык органдары тарабынан изделип жатат. Асия Токтосунованын атына дагы беш компания катталган. Алардын бир бөлүгү үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоо менен да алектенери кошумча аныкталган. Бул фирмалардын биринин дагы ишкердиктин белгилери жөнүндө маалыматтары жок жана өлкөнүн бюджетине бир да сом салык төлөгөн эмес.

Мамлекеттик салык кызматы Асия Токтосунова жалган адам болушу мүмкүн же анын жеке маалыматтары уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан салык төлөөдөн качуу жана каражаттарды жүгүртүүдөн чыгаруу үчүн пайдаланылып жатат деген версияны карап жатат.

Салык кызматы мындай схемалар экономика үчүн чоң жоготууларды жаратып, адилеттүү атаандаштыкты жокко чыгарып, өлкөнүн ар бир жаранына зыян келтирип жатканын билдирет.

Салык кызматы Токтосунова Асия Адылбековнаны (0312) 62-11-52 телефону же  salyk@salyk.kg  электрондук почтасы аркылуу байланышка чыгууну суранат.