Бишкектин Биринчи Май райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн сот аткаруучусу, юстициянын капитаны Ж.А.М. тарабынан уюштурулган коррупциялык схеманын бети ачылганын бүгүн УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан алимент өндүрүү маселесин чечип берүү үчүн талап кылып жаткан 35 000 сом өлчөмүндөгү акчаны алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп, кармалган жаран тарабынан мыйзамсыз иш алып баруусу мүмкүн болгон башка фактылар текшерилүүдө.
УКМК эскертет: коррупциянын бардык фактыларына, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттерге катуу бөгөт коюлат!