Кыргызстан боюнча ушул тапта мектептерге 947 педагог жетишпейт. Өткөн айдын соңундагы маалымат боюнча, мектептерде жалпысынан 1294 мугалим жетишкен эмес. Демек бир ай ичинде бул көрсөткүч үч жүздөн ашуунга азайган. Азыр негизинен физика, математика, химия предметтеринен сабак берген мугалимдер жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн “Биринчи радионун” түз эфиринде Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Амангелди Сыдыбаев билдирди.
Баш калаа Бишкекте болсо учурда 500гө жакын мугалимдин орду бош турат. Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин жетектөөчү адиси Мээрим Халиалдаеванын айтымында, бул жылда эле кайталанчу көрүнүш, себеби жайкы каникулдан кийин айрым мугалимдер жумуш ордун которуп, кээ бирлери иштен кетип калат.
“Биз министрлик менен иштешип, педагогикалык университеттерде акыркы курста окуган студенттерди жумушка тартып жатабыз. Андан сырткары жаш курагына байланыштуу пенсияга чыгып кеткен мугалимдерди да чакыруудабыз”, - деди Мээрим Халиалдаева “Биринчи радионун” эфиринде.
Бишкекте жалпысынан 119 мектеп бар, аларда 10 миңден ашуун мугалим иштейт.
Соңку расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1.5 миллиондон ашуун окуучу билим алат. Жалпысынан өлкөдөгү мектептерде 93 миңден ашык мугалим иштейт. Анын ичинен 87 миң 385и мамлекеттик, 6 миң 311и менчик билим берүү уюмдарында эмгектенет.