Аламүдүн акимчилигинин жооптуу кызматкерлери кармалды
Новость

УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак жайларды куруу үчүн мыйзамсыз өзгөртүп берүү менен байланышкан коррупциялык схеманын бетин ачты.

 2022-жылдын орто ченинен 2024-жылдын январь айына чейин «жер мафиясы» деп аталган айрым жарандар муниципалдык кызмат адамдары менен кылмыштуу тил табышып, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (кийин капиталдык курулуштар башаламандык менен курулган) бөлүп, сатып жибергени аныкталган.

 Өз кезегинде Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарынын ичинен түзүлгөн жумушчу комиссия кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы мыйзамсыз материалдык пайда алуу максатында жер амнистиясына жамынып, 378 контурдагы 5,5 га жер тилкесин амнистиянын шарттарына жана талаптарына туура келбесе да  мыйзамсыз трансформациялаган.

 Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары (аким) Т.О.А., Маевский а/а мурдагы башчысы К.Б.Т. жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну ишке ашырган Д.Н.К. жана А.М.Ч. аттуу жаран  кармалып, аларга карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Министрлер Кабинетине караштуу ЖАМКнын №21 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, аларга карата катуу чаралар көрүлөт.