УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Манас шаары Кыргызстандын борбору болушу мүмкүн деген кептерге байланыштуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, бул маселе азыр күн тартибинде жок.
“Азырынча Манас шаарын борбор кылуу боюнча эч кандай маселе жок. Бирок эгер борбор болуп калса, абдан жакшы болмок. Анткен менен мындай чечимди жетекчилер же саясатчылар эмес, эл өзү кабыл алышы керек. Эгер маселе көтөрүлсө, референдум аркылуу эл чечет. Эл макул болсо – коебуз, макул болбосо – жок. Бирок азырынча мындай маселе күн тартибинде жок. Бул жөн гана менин оюм”, – деди Ташиев.