Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын атын Манас шаары кылып өзгөртүү демилгеси тууралуу пикирин билдирди.
Анын айтымында, бул идея биринчи жолу өзү тарабынан сунушталган.
“Президент кол койгондон кийин гана пикиримди айтайын дегем. Жалал-Абадды Манас шаары кылып өзгөртүү демилгеси менин идеям болду. Бирок бул маселе коомчулуктун талкуусун жаратып жатат. Элге Жалал-Абад деген ат көнүмүш болуп калгандыктан, өзгөртүү алгач чоочун көрүнүшү мүмкүн. Бирок ар бир кыргыздын жүрөгүндө Манас бар. Манас – бул кыргыз элинин руху, духу, тарыхы жана келечеги. Айрымдар Манасты Таласка таандык деп жатышат. Бирок Манас – жалпы кыргыздыкы. Дүйнөдө Жалал-Абад аттуу шаар Индонезияда да, Афганистанда да, Пакистанда да бар. Ал эми Манас аттуу шаар бир гана Кыргызстанда болот”, – деп баса белгиледи ал.