Нарында "Тянь-Шань сити" турак жай комплексинин сатуу бөлүмү ачылды
Новость

Нарын шаарынын Шаарча чөлкөмүнө курулуп жаткан "Тянь-Шань сити" турак жай комплексинин сатуу бөлүмүнүн кеңсеси салтанаттуу ачылды. Ачылышка дубан башчысы Нурбек Сатаров, калаа жетекчиси Жайнак Немат уулу, долбоордун негиздөөчүсү Ли Жан Гуо жана шаар тургундары катышты.

Алгач шаардыктарга долбоордун максаты жана тургундар үчүн түзүлүп жаткан шарттар, турак жайлар тууралуу маалымат берилип, курулган үйлөр ак жолтой болушу тилек кылынды. Турак жай калаа үчүн маанилүү долбоор болуп, үйлөр эң сапаттуу материалдар менен курулат.

Мындай ири инвестициялык долбоор “Нарын-Реновация” программасынын алкыгында ишке ашып жатат. Теңиртоолуктарды турак жай менен камсыздоо, шаарды бийигинен өстүрүү менен инфратүзүмүн жакшыртуу максатында салынып жаткан 9 блоктон турган 11 кабаттуу турак жайда 438 батир болот. Ошондой эле 5 кабаттуу соода борбору, жер алдына 389 унаа бата турган унаа токтоочу жайы менен салынат.

Ошондой эле 3 кабаттуу калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору курулуп жатат. Бул үчүн 160 миң чарчы метр жер бөлүнүп берилип, шаарчаны курууга кытай инвесторлору тарабынан 35 миллион жумшалат. Учурда курулушта Кытай Эл Республикасынан 150 жумушчу, жергиликтүүлөрдөн 15 кеңсе кызматкери, 15 жумушчу тартылып, иштеп жатышат.

Эки өлкөнүн кызматташтык мамилелеринин алкагында ишке ашып жаткан бул долбоорлор Кытайдын эң алдыңкы технологияларын Кыргызстанга алып келүү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуу демилгеленип, комплекстин курулушуна 2024-жылдын октябрь айында мезгил кутусу салынган.