Эки-Нарында бузулган көпүрөнүн ордуна салынган жаңы өтмөк ачылды
Новость Жаңы салынган көпүрө. Нарын, 17-сентябрь, 2025.

Нарын районуна караштуу Нарын – Оруктам жолунун 39-чакырымындагы көпүрө ачылып, пайдаланууга берилгенин бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөн. Андан соң көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, монтаждоо иштери аткарылган. Бүгүнкү күндө темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулуп, каттам берилди. 

Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтерин (парапеттерди) коюу иштери аткарылат.

Жумуштар “Бишкек-Темир” ЖЧКсы тарабынан жасалып, курулуш иштерине “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасы да тартылган. Министрлик аталган аймакта ГЭС куруу пландалгандыктан, көпүрө убактылуу салынганын белгилейт.

Мындан бир айдай мурда, 13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө үстүнөн оор жүк ташыган КамАз унаасы өтүп баратканда ортосунан бузулуп, унаа сууга түшүп кеткен. Анын айдоочусу, 41 жаштагы Азамат Асанбеков сууга агып кетип, сөөгү эки күндөн кийин Нарын дарыясынын ылдый тарабынан табылган. 

Бул окуядан соң аталган аймактын тургундары көпүрө авариялык абалда турганын, бирок жергиликтүү бийлик органдарына кайрылууларынан майнап чыкпай келгенин айтышкан.