Түркиянын вице-президенти расмий сапар менен Бишкекке келди
Новость

Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди. "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү. 

Сапардын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт.

Ошондой эле 18-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу болот.