Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору - Нарын шаары бүгүн 157 жашка толду. Шаар 1865-жылы аскер чеби катары Кашкарга кеткен жолдо жайгашкан айылдын четинде пайда болгон.
Тарыхый маалыматтар боюнча, Нарын шаары Токмок, Бишкек жана Каракол шаарлары менен бир мезгилде, Жети-Суудан Кашкарга (Кытай) кетүүчү соода жолундагы кокондуктардын чеби катары XIX кылымдын 30-жылдарында негизделген. 1863-жылы чепти орус аскерлери басып алган. Кийин ал кайрадан кокондуктарга өтүп, чеп 1868-жылы гана биротоло бошотулуп, ал жерге 100 казак-орус аскерлеринин кошуунунан турган гарнизон жайгаштырылып, казарма курулуп, ушул учурдан шаардын курулушу башталат. Тарыхый Жибек жолунун салты уланып, Нарын дарыясына 1968-жылы көпүрө салынгандан баштап, батыш менен чыгышты байланыштырган тогуз жолдун тоому болуп калган. Айыл жай өсүп, 1903-жылы анда 875 адам жашаган. Бул айыл Кашкар тарапка товар жөнөтүүгө ыңгайлуу пункт катары милдетти аткарган.
Нарын шаарынын негизделишине теңиртоолук черик уруусунан чыккан Турдуке баатыр, Хан Карымшак башында турган кыргыздар 1863-жылы апрель айында Орусияга кошула тургандыгын билдирип, генерал-губернаторлор А. Колпаковский менен А. Дюмагелге кат жолдогон. Алгачкы Нарын шаары азыркы №2025 “Тайлак” баатыр атындагы чек ара аскер кызматы жайгашкан жерге түшкөн. Ал жерге “Нарын аскер чеби”, “Нарын аскер бейтапканасы” жана Нарын дарыясына азыркы аскер бөлүгү менен байланыштырып турган “Нарын аскер асма көпүрөсү” курулган.
Шаарда Совет бийлиги 1918-жылы орногон. Граждандык согуш маалында шаарда баш калкалашкан ак гвардиячылар 1920-жылы ноябрда революцияга каршы козголоң чыгарган. Шаар 1918-жылдан уезддин, 1926-жылдан кантондун, 1939-жылдан облустун борбору болгон. 1997-жылы апрелде шаардын герби бекитилген. 1997-жылдын 5-сентябрындагы Нарын шаардык Кенешинин XII сессиясында Нарын шаарынын салтанаттуу ыры (Гимни) кабыл алынган.
1939-жылдарга чейин шаар негизги планы жок курулуп келген. Негизги пландын 1-схемасы 1939-1940-жылы түзүлгөн. Ал 1950-жылы толук иштелип чыгып, анда шаар аймагынын зоналарга бөлүнүшү, турак үйлөрдүн кабаттуулугу, шаардын борбордук бөлүгүн реконструкциялоо каралган.
Нарын шаары жана ага чектеш аймактар туристтик потенциалга ээ. Анткени бул аймактын 70 пайызын тоолор түзөт, ошондуктан кооз жана көркөм ашуулар, бийик тоолор, терең үнкүрлөр, түбөлүк мөңгүлөр, көлдөр жана шаркыратмалар, жергиликтүү маданият - бул жердин кайталангыс кооздуктарына айланган.
Мындан 157 жыл илгери негизделген Нарын калаасында азыр 42 миң 536 калк жашайт. Жалпы аянты 5 040 гектарды түзүп, деңиз деңгээлинен 2 040 метр бийиктикте жайгашкан. Чок ортосунан Нарын дарыясы өтөт.