Чехиялык археологдор Баткенде казуу иштерин жүргүзүүдө
Новость


Баткен мамлекеттик университети менен түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде Чехиядан келген археологдордун тобу Баткен районунун Рават айылында илимий-изилдөө иштерин баштады.


Экспедициянын негизги багыты – орто кылымдарга таандык кербен сарайдын калдыктарын иликтөө жана тарыхый маанисин аныктоо. Археологдордун айтымында, бул имарат көп кылымдар мурда Жибек жолунун маанилүү тилкесинде орун алган болушу мүмкүн. Учурда изилдөөлөр жүрүп, табылган материалдар тарыхый баалуу мурастар катары каралууда.

Тарых илимдеринин кандидаты Абдинаби Кадыровдун маалыматына караганда, келечекте кербен сарайды реконструкциялоо жана аны туристтик жай катары өнүктүрүү планы бар. Бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып баруу каралууда.

Изилдөөчүлөр Рават айылынын аймагында дагы бир катар тарыхый табылгалардын болушу мүмкүн экенин белгилешип, мындан ары да илимий казууларды улантуу ниетин билдирүүдө.