Президент Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш берди
Новость

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 16-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш бергенин Президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Президент кол койгон тескеме менен жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы, тагыраагы этика ченемдерин аткарбаганы үчүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилген. 

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылыштагы депутаты болуп келген Жеңишбек Токторбаев быйыл январда Президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын мэри болуп дайындалган.