Бүгүн, 16-сентябрда “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү.
Баткендеги чек ара окуяларында курман болгондорду эскерүүгө Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы генерал-полковник К.К Ташиев, УКМК төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору генерал-майор А.К. Алимбаев, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери, ардагерлер жана УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы катышты.
Митинг-реквием жоокерлердин түбөлүк жайына гүлчамбар коюу менен башталды. Аларга багышталып Куран окулуп, андан соң иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт үн катпай эскеришти.
Курман болгон аскерлердин эрдиги Кыргызстандын тарых барагына түбөлүккө жазылып калды. Быйыл, 28-майда, мамлекеттик чек араны коргоп жатып курман болгон аскерлердин урматына тургузулган эстеликтин ачылыш аземи өткөн. Жаңы монумент тынчтыктын баасы канчалык жогору экенин эске салат жана Кыргызстандын коопсуздугу үчүн өмүрүн берген баатырларга арналып тургузулган.
Гранит такталарга 2000-жылдан бери болуп келген куралдуу кагылышууларда каза болгон 59 аскер кызматкеринин ысымдары жазылган. Алардын ичинен 50сү чек арачылар.
Чек ара сакчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өлкөбүздүн көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалган төрт чек арачы “Ата-Бейиттин” аймагында жерге берилген.
Чек ара окуяларында курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган иш-чаралар бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын бардык облустук башкармалыктарында өткөнүн аталган мекеменин Маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады.
Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электе Баткенде эки жыл катары менен чыр чыгып, эки өлкө ортосундагы куралдуу кагылышууларга айланып кеткен. 2021-жылы апрель айындагы чек ара жаңжалында 36 кыргызстандык курман болсо, 2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган. Өлкөнүн Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда токтогон окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.