15-сентябрында Стамбул шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара өттү.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, элчи Руслан Казакбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомдук уюмдар катышты.
Иш чаранын алкагында чоң гала-концерт өтүп, ага белигилүү ырчылар Мирбек Атабеков, Асылбек Өзүбеков, Динара Акулова, Элара Кабылжан кызы жана башка маданият өкүлдөрү катышты.
Уюштуруучулардын УТРКга берген маалыматында мындай иш чаралар Түркиядагы журтташтардын өз мекенине болгон сагынычын жеңилдетип, маданий байланышты чыңдоого өбөлгө болот.
Жыйынтыгында кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды. Иш-чарага Түркияда жашаган жүздөгөн Кыргызстандык мекендештер катышты.