Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын балбаны Эрназар Акматалиев коло медал үчүн болгон беттеште Армениянын балбаны Арман Андресианды 8:2 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси болду.
Ал буга чейин 13.09.2025 күнү Жапон спортчусу Аояги Йосиносукэдени 11:0 эсеп менен жеңген.
Ал эми бүгүн көңүл жубатуучу беттеште Венгрия балбаны Исмаил Мусукаевди 14:4 жеңип, коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.