Конок сыйлоо үчүн мугалимдерден акча талап кылган мектеп директору иштен алынды
Новость Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы мектептин жаңы имараты, Нарын району.

Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева Нарында жаңы мектептин ачылышына келчү конокторду сыйлоо үчүн мугалимдерден акча талап кылганы айтылып жаткан директор иштен алынганын бүгүн Фейсбуктагы баракчасына жазып, ишти териштирүү үчүн аталган аймакка комиссия жиберилгенин билдирди.

 "Мугалимди кыйнап, бирөөлөрдү сыйлоого акча жыйноо мыйзамсыз. Бул мыйзамсыз иши үчүн директор кызматтан четтетилди! Кимге тамак уюштуруп, акча жыйнаганын териштирүү үчүн комиссия жөнөтүлдү. Тиешелүү кишилер жазасын алат", - деп жазды министр.

 Мунун алдында интернеттеги социалдык тармактарда мектеп директору менен бир мугалимдин кайым айтышып жатканы тартылган видео тарап кеткен. Тасмага директор мугалимден конок тосууга 15 миң сом беришин талап кылганы түшүп калган.

  Маалыматтарга караганда, бул окуя быйыл 26-августта Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылындагы Б. Кыязов атындагы орто мектепте болгон.