Ошто эки адвокат 220 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түштү
Новость

УКМК билдиргендей, Ошто эки жактоочу 220 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү.

Маалыматка караганда, алар жашы жете электерди зордуктоо иши боюнча беренени жеңил беренеге өзгөртүп берүүнү убада кылып, арыз ээсинен 270 миң сом талап кылышкан. Бирок алар эч кандай мыйзамдуу аракет көрбөй, акчаны өз пайдаларына колдонушкан.

Соттун санкциясы менен бир адвокат УКМКнын тергөө абагына, экинчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.