Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Ленин району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана бөлүмдүн башкы инспектору 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалганын бүгүн УКМКдан кабарлашты.
МИаалыматка караганда, аларга Кылмыш-Жаза кодексинин 34-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жыйынтыгында аталган кызмат адамдары кармалып, Кылмыш-Жаза кодексинин 96-берененин негизинде УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан фискалдык жана башка органдардагы коррупцияны жоюу боюнча активдүү иш-чаралар уланууда.