Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өткөн класстар окуу китептери менен толук камсыздалат. Бирок 11 жылдык система боюнча окуган класстарда окуу куралдары жетишсиз.
Мындай абалдан чыгуу үчүн Агартуу министрлиги kitep.edu.kg онлайн тиркемесин сунуштоодо. Эми ата-энелер тартыш болгон китептерди сатып албай, тиркемеден онлайн көрүп пайдалана алышат.
Быйыл 12 жылдык билим берүү системасына өткөн класстарды жаңы китептер менен камсыздоо максатында басмаканалар тарабынан англис тили боюнча окуу куралы даярдалып, мектептерге таратылып бүттү. Жакынкы күндөрү математика жана табият таануу боюнча китептер да чыгарылат.
Ушул күнгө чейин өлкөдө китеп жетишсиздиги чоң көйгөй болуп келген. Китептердин көбүн тендерден утуп чыккан басмаканалар чыгарып келген. Сапаты жана мазмуну жагынан аксаган китептер айрым ата-энелер жана мугалимдер тарабынан сынга алынып, коомчулуктун да нааразычылыгын жараткан. Азыркы тапта башаламан китеп басып чыгарууга бөгөт коюлуп, казынадан бөлүнгөн каражатка ирээтүү жана сапаттуу китептер даярдала баштады. 12 жылдык билим берүү баскыч-баскыч менен ишке ашат. Ар бир этабы жаңы стандарттагы окуу куралы менен камсыздалмакчы.
Президенттин тапшырмасына ылайык, быйыл бул тармакка мурдагы жылдарга салыштырмалуу 6 эсе көп каражат, тактап айтканда 744 млн сом бөлүндү.
Министрликтин маалыматына караганда, алдыдагы үч жылда бардык окуу куралдары стандарттарга ылайык даяр болуп, тартыштык толугу менен жоюлат.