Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Боршайкомдун жетекчиси былтыркы жылы аткарылган иштер тууралуу баяндама жасап жана депутаттардын бир катар суроолоруна жооп берүүгө үлгүрдү.
Аталган комитеттин мүчөсү Гуля Кожокулова акыркы убактарда социалдык тармактарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо боло турганы боюнча маалыматтар тарап жатканын жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамда каралган мөөнөтү байланыштуу суроо узатты.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров мөөнөтсүз шайлоону Жогорку Кеңеш өзү дайындаарын белгиледи.