Ооганстандагы жер титирөөдөн кийин жүздөгөн адамдар урандылардын алдында калып, аларды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу РИА новости Tolo news басылмасына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, Кунар провинциясындагы жер титирөөдө жүздөгөн адамдар урандылардын алдында калган. Учурда куткаруу жана издөө иштери уланууда.
Кызыл чырым уюмунун акыркы маалыматтарына караганда, 2-сентябрга карай табигый кырсыктан каза болгондордун саны миңден, жабыркагандар 3 миң 250дөн ашты. Кыйраган үйлөрдүн саны 8 минден ашуун.
31-август күнү Ооганстандын Кунар, Лагман жана Нангархан провинцияларында күчү 6 баллга жеткен жер титиреп, анын артынан 5 жолу афтершок катталган. Мунун кесепетинен бир нече аймактарда кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон.