Президент Садыр Жапаровдун Вашингтон шаарында өткөн "Борбордук Азия - АКШ" (C5+1) саммитинде сүйлөгөн сөзү:
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,
Мен үчүн АКШнын Президенти урматтуу Дональд Трамп мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүү жана «Борбордук Азия — АКШ» форматындагы отурумга катышуу чоң сыймык.
Эң биринчиден урматтуу Президент Дональд Трамп мырзага чакыруусу, жылуу кабыл алганы жана эки тараптуу, аймактык жана эл аралык маанилүү маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылыгымды билдирем.
Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын белгилейм.
Эки тараптуу жолугушуубуздун алкагында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы актуалдуу маселелер, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө багытталган темалар талкууланды.
Кыргыз-америка мамилелерине карата,
төрт багытты белгилегим келет:
- экономика жана инвестициялар, туризм;
- гидроэнергетика;
- санарип экономика, жасалма интеллект, Айти чөйрөсү;
- коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо.
Бул өңүттө кыргыз тарабы урматтуу Президент Дональд Трамп мырзанын глобалдык туруктуулукту бекемдөөгө жана дүйнөнүн булуң-бурчунда жаңжалдарды токтотууга кошкон олуттуу салымын жогору бааларын баса белгилейм.
Өз кезегимде, мен дагы Мамлекет башчысынын кызматына келгенде өзүм үчүн эң маанилүү артыкчылыктуу бир милдет койгом – бул коңшу мамлекеттерибиз менен чек ара маселелерин ынак коңшулуктун нугунда чечүү болчу.
Беш жылдан соң мен урматтуу кесиптештерим менен бирге бул милдетимди, эң негизгиси тынчтык жолу менен, ишке ашыра алганымды канааттануу менен белгилейм.
Жыйынтыгында Борбордук Азия аймагынын дүйнөлүк саясаттагы ролу эбегейсиз өсүп, биз менен кызматташууну бекемдөөгө ири державалардын кызыгуусу күчөп жатат.
Бул өңүттө C5+1 форматы саясий диалогду өнүктүрүүгө максатталган маанилүү аянтчага айлангандыгы мени абдан кубандырат.
Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент урматтуу Дональд Трамп мырзага бүгүнкү саммитти өзүнүн президенттигинин биринчи жылында уюштургандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыгымды билдирем.
Биз бул кадамды жогору баалайбыз жана АКШнын Борбордук Азияга болгон ак ниеттүүлүгүнүн далили катары кабыл алабыз.
Биздин биргелешкен аракеттерибиз конкреттүү жыйынтыктарга, өлкөлөрүбүзгө өз ара пайда алып келерине ишенем.
Урматтуу Президент Трамп мырза,
Урматтуу кесиптештер,
Кыргызстан АКШ менен көп кырдуу мамилелерин жогору баалайт жана аларды мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар.
Акыркы он жылдын аралыгында биздин форматтагы өз ара аракеттенүү мамлекеттер аралык кызматташуубузду кеңейтүүгө болгон кызыгуубуз өсүп жаткандыгын далилдейт.
Урматтуу кесиптештер,
Региондо экономикалык өсүү боюнча оң динамика байкалууда.
Бирок туруктуу өнүгүү үчүн АКШ менен соода алакаларын кеңейтүү жана америка инвестицияларын тартуу абдан маанилүү.
Биз үчүн банктык төлөмдөрдү камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы сооданы активдештирүү максатында финансы-банктык кызматташууну өнүктүрүү зарыл.
Биздин региондогу өлкөлөр олуттуу энергетика ресурстарына ээ.
Бул тармакта америка компаниялары менен карым-катнаш түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар.
Кыргыз Республикасы Америка Кошмо Штаттары менен алакаларында үч стратегиялык багытка көңүл бурат.
Биринчиден, бул гидроэнергетика.
Биздин жалпы гидроэнергетикалык потенциал жылына 140 миллиард кВт⋅сааттан ашат, бирок анын болгону 15% гана колдонулат.
Кыргызстан бул тармакта инвестиция үчүн пайдалуу ири долбоорлорду сунуштоого даяр.
Экинчиден, бул транспорттук байланыштар.
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет катары Кыргызстан регион аралык байланыштарды чыңдоого жана заманбап транспорттук-логистикалык инфраструктура курууга өзгөчө көңүл бурат.
Бул сооданы кеңейтүүгө жана регионду транзиттик борборго айлантууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Ал эми үчүнчү багыт – бул маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү.
“Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иште” деген ураан биздин мамлекетте активдүү илгерилөөдө.
Кыргызстан региондо алгачкылардан болуп «Санарип кодексин» кабыл алып, санарип экономикасынын жана инвестициялардын өнүгүшү үчүн ыңгайлуу укуктук шарттарды түздүк.
Айти чөйрөсү жана креативдүү экономика тез өсүүдө.
Тарыхта Кыргызстан АКШга эч нерсе экспорттогон эмес.
Акыркы беш жыл ичинде АКШга Айти кызматтарынын экспорту 45 эсеге көбөйдү.
2024-жылы кыргыз Айти адистери дүйнөнүн 63төн ашык мамлекетке кызматтарын 130 миллион долларга экспорттоп, бул багытта АКШ биринчи орунду ээледи.
Айти кызматтарынын 40%ы АКШга экспорттолду, анын ичинде Силикон өрөөнүндөгү компанияларга.
Эл аралык Чейн анализис (Chainalysis) индексине ылайык, учурда Кыргызстан криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөдө 19-орунда турат.
Бул жагынан алганда, Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарына санариптик жөнгө салууну, анын ичинде РегТек (RegTech) инновацияларын өнүктүрүүдө өнөктөштүктү сунуштайт.
Тактап айтканда, америка тарабына Кыргызстанда РегТек инновацияларынын аймактык хабын (RegTech Trust Hub) түзүүнү сунуштамакчымын.
Соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилөө менен, Кыргыз Республикасы 2025-жылдын 4-5-февралында Бишкекте Б5+1 бизнесмендердин экинчи жолугушуусун өткөрөт.
Бул иш-чара АКШ бизнеси үчүн айыл чарба, электрондук соода, маалыматтык технологиялар, транспорт жана логистика, туризм, банк сыяктуу тармактарда кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер,
Сөзүмдүн жыйынтыгында, бүгүнкү жолугушуу Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы көп кырдуу өнөктөштүгүн бекемдөөгө жаңы дем берет деп ишенем.
АКШнын Президенти Дональд Трамп мырзага «С5+1» форматын уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгымды билдирем.
Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат.
(текст өзгөртүүсүз берилди)