Көк бөрү: “Ынтымак” командасы 11:2 эсебинде жеңишке жетти (видео)
Новость

Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча оюндар уланууда. Төртүнчү оюнда “Ынтымак” менен “Ак илбирс” командасы беттешти.

Күндүн биринчи беттешинде “Сары-Өзөн” менен “Ак-Суу” командалары күч сынашып, жыйынтыгында “Сары-Өзөн” 8:3 эсеби менен ишенимдүү жеңишке жетти.

Экинчи оюнда “Достук” менен “Казарман” беттешти. Биринчи таймда “Достук” 3:0 эсеби менен алдыга чыкты. Экинчи таймда эсеп 7:1 болуп, акыркы жыйынтыктоочу таймда “Достук” 9:1 менен ишенимдүү жеңишке жетти.

Үчүнчү оюнда “Намыс” командасы “Бийиктик” менен кез келип, алгачкы таймды 2:0 эсеби менен утту. Экинчи таймда “Намыс” 7:1 эсеби менен үстөмдүк кылып, жыйынтыктоочу беттеште 12:1 эсебинде ишенимдүү жеңишти камсыздады.

Төртүнчү беттеште “Ынтымак” менен “Ак илбирс” күч сынашты. Биринчи бөлүк 4:1 эсебинде аяктап, экинчи тайм 8:2 болуп жыйынтыкталды. Акыркы таймда “Ынтымак” 11:2 эсеби менен үстөмдүк кылып, оюнду жеңиш менен жыйынтыктады.