УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаары боюнча Биринчи Май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилигине тиешелүү коррупциялык схема аныкталып, анын ишине бөгөт коюлду.
Иликтөөдө белгилүү болгондой, бөлүмдүн айрым жетекчилери көп жылдан бери карамагындагы катардагы кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп келишкен. Тактап айтканда, коммерциялык объектилерде күзөт кызматын көрсөтүү боюнча кошумча иштерди жүргүзүүгө уруксат берүү үчүн кызматкерлерден акча талап кылынган. Ошол эле учурда кошумча эмгек акы алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн кызматкерлер жетекчиликке кирешесинин бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө аргасыз болушкан.
2025-жылдын 27-августунда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө бөлүм башчысынын орун басары, милициянын подполковниги А.Б.Г. 110 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Мындан тышкары, коррупциялык схемага бөлүм башчысы, милициянын полковниги О.С.С. катыштыгы бар экени аныкталды. Анын иш бөлмөсүн тинтүү маалында 46 миң доллар жана 5 миллион 890 миң сом табылып, акча каражаттарынын мыйзамдуу келип чыгышын түшүндүрө алган эмес. Ошондой эле 9х17 мм калибрдеги 32 даана каттоого алынбаган ок-дарылар табылган.
Кошумча түрдө бөлүмдүн улук инспектору, милициянын капитаны Ч.Б.К. жана взводдун командири, милициянын ага лейтенанты М.Э.Т. да бул ишке тиешеси бар деп шектүү катары кармалышты.
Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, бардык кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.