Бүгүн, 28-августта Бишкекте “Евразия” оюн-зоок паркынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, жаңы эс алуу жайы борбор калаанын социалдык өнүгүүсүнө чоң салым кошорун белгиледи.
“Биз инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик”, - деп билдирди мамлекет башчы.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Борбор калаабыздын урматтуу тургундары!
Бүгүнкү иш-чарага катышып жаткан кадырлуу меймандар!
Кубанычтары койнуна батпай турган сүйүктүү балдарым, кыздарым!
Биз саналуу күндөрдөн кийин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүн белгилейбиз. Бул Эгемендик майрамы – эң ыйык баалуулук, баарынан улук майрам, кымбат күн!
Бүгүн биз ошол эң чоң майрамыбызды белгилөөнүн алдында “Евразия” оюн-зоок паркын ачып жатабыз. Жаңы Кыргызстандын жаркын келечеги, үмүт-тилеги – бул биздин балдарыбыз. Балдарыбызга бактылуу балалык, таалим-тарбия, татыктуу билим жана тиешелүү шарттарды түзүү аракетиндебиз.
Бүгүнкү ачып жаткан паркыбыз – ошол максаттарыбыздын бир бөлүгү.
Мындан улам, келе жаткан Эгемендик майрамы жана анын урматына “Евразия паркынын” ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Ылайым, эгемен Кыргызстандын асманы ачык болсун!
Паркыбыз ак жолтой болуп, балдарыбыздын жүзүнөн күлкү кетпесин!
Урматтуу шаардыктар!
Акыркы жылдары Бишкек шаары өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий борбору катары маанилүү баскычтарды басып өтүүдө. Бүгүнкү күндө шаарыбыз өнүгүү жолуна түштү. Көптөгөн жаӊы имараттар курулуп, заманбап инфратүзүмдүк объектилер пайда болууда. Жолдор оӊдолуп, шаар көрктөндүрүлүп, бир кездеги кооз жана жашыл шаар келбетине келип баратат.
Бүгүнкү ачылып жаткан оюн-зоок паркы дагы шарыбыздын көркүн ачып, балдарыбыздын, жаштарыбыздын жана шаарыбызга келген туристтердин активдүү эс алуу жайы болоруна ишенем.
Аталган парк 2024-жылы биздин министрлер кабинети менен “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында курулуп баштаган.
Биз инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 млн АКШ долларын түзөт.
Долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп саналат. Парктын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланды. Урматтуу “Евразия” фондунун жетекчилиги сиздерге чоң рахматымды айта кетейин.
Оюн-зоок паркы үй-бүлө баалуулуктарын бекемдөө үчүн жарандардын бош убактыларын үй-бүлөсү менен чогуу, кызыктуу өткөрүүгө жана борбордун тургундары менен конокторуна массалык эс алууга кызмат кылат.
Болжол менен 10 гектар жерди ээлеген эс алуу менен көңүл ачууну айкалыштырган бул маданий оюн-зоок борбору эл аралык сапат жана коопсуздук стандарттарына жооп берген заманбап аттракциондор менен жабдылган. Бул паркка кирип, аттракциондордо ойноо 5 жаштан 15 жашка чейинки наристелерибиз үчүн акысыз болот.
Эмне үчүн акысыз болот? Себеби социалдык жактан бөлүнбөй, бардык наристелерибиз бул паркта бирдей ойносун деген максатты койдук.
Кыскасы, бул жай заманбап парк гана эмес, шаарлыктардын, айылдан келген наристелерибиздин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган социалдык долбоор болуп саналат.
Учурдан пайдаланып, эс алуучуларга кайрылаарым, акысыз парк деп ашыкча пайдаланып, аттракциондорго зыян келтирбей, өз буюмуңардай урунасыздар деп ишенем.
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
Борбор калаабыз менен бирге өлкөбүздүн бардык аймактарын өнүктүрүүгө, элибиздин жыргалчылыгы үчүн шарттарды түзүүгө белсенип, болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Мындай долбоорлор өлкөбүздүн, анын ичинде борбор шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртууга, шаар тургундарынын жашоо деңгээлин көтөрүүгө чоң салым кошот деп ишенемин. “Ата-Түрк” паркы дагы оңдоп-түзөөдөн өтүп бүтсө, ал парктын аттракциондору да карапайым наристелерибиз үчүн бекер болот. Ал паркты ошол парктын тегерегинде жашагандар жасап жатышат, чыгымдарын толук мойнуна алышты.
Бүгүнкүдөй парктарыбызда балдарыбыздын күлкүсү жаңырып, жашообуз бакубат болсун!
Баш калаабыз күндөн күнгө жаркырай берсин!
Оюн-зоок паркынын ачылышы менен дагы бир жолу куттуктайм!
Ак жолтой парк болсун!”