Баткен: Жаңы-Достук айылында үйлөр курулуп бүтүп калды (фотобаян)
Новость

Баткен районунун Бужум айылынын Чет-Булак аймагында Жаңы-Достук айылынын курулушу кызуу жүрүп жатат.

 Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменов курулуштун жүрүшүнөн кабар алып, жол салуу, электр энергиясын жеткирүү иштерин жана  социалдык объекттер курулуучу жайларды көрүп чыкканын бүгүн облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлады.

 Жалпы аянты 57 гектар жаңы айылда 181 үйдүн курулушунан сырткары социалдык объекттердин да курулушу башталды. 

Учурда;

-Үйлөрдүн  чатыры жабылып бүттү

-Ички ак шыбак жумуштары жүрүүдө

-Жылытуу системалары 140 үйгө орнотулуп бүттү

-Баткен шаарынын өнөр жай аймагына курулган 4,8 км асфальт жол дээрлик курулуп бүттү. Бул жол Жаңы-Достук айылына алып барган негизги жол.

-Айылдын ички жолдорунун  курулушу да жүрүүдө, узундугу 10 чакырым.

-Электр жарыгы менен камсыздоо иштери 75%га жасалды

-Социалдык обьектилердин курулушу башталды, 275 орундуу мектеп, 100 орундуу бала бакча жана ФАПтын курулушунун жер иштери жасалууда.

-Таза суу жана саркынды суу системаларынын курулушу башталуу алдында турат.

Айылдын бардык көчөлөрүнө асфальт төшөлөт, тротуар, суу латоктору жана жашыл зоналары болот. Ар бир үйдүн короосу кооз тосмолор менен тосулат. 

 Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым аймактарынын Тажикстан Республикасы менен алмашуунун натыйжасында, Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылынын тургундарын көчүрүү үчүн  жаңы турак жай комплексинин курулушу башталган.

 Жаңы турак жай аймагына Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларынын тургундары да жайгашат. Ал эми Лейлек районунун аймагындагы айрым алмашылган аймактардын жашоочулары үчүн Раззаков жана Максат айылдарында жалпы 76 турак жайдын  курулуш иштери жүрүүдө.

 Учурда жалпы Баткен жана Лейлек району боюнча 257 үй курулууда.