Бүгүн, 28-августта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ДЕПО-1 жана ДЕПО-2нин ачылышында коомдук транспорттун айдоочуларына кайрылды.
“Урматтуу айдоочулар, аялдамага кимиңер биринчи келип токтосоңор, ошол эле жерден алдына барып токтогулачы. Сөзсүз аялдамага жетпей токтошуңар керекпи? Артыңардан 4-5 автобус келип токтоп, батпай жатканын көрүп турасыңар. Ал гана эмес, жеңил унааларга да тыгын кылып жатасыңар. Мен өзүм шаар ичинде дайыма машина айдап жүрөм. Бир күнү чыгып 4-5 саат шаарды кыдырып чыксам, аялдамаларда так ушундай көрүнүшкө күбө болом. Ошондуктан ким биринчи келсе, алдына барып токтогулачы, силерден өтүнүч. Көп болсо эл 20-30 метр жер басып барып түшөт, андан эч нерсе болбойт. Ошондо артыңардагы автобустарга орун да калат, тыгын да болбойт.
Мындан тышкары шаар маданиятын сактап, жүргүнчүлөргө сылык-сыпаа мамиле кылгыла. Ошону менен катар жүргүнчүлөр дагы айдоочулардын таңдан түнгө чейинки тынымсыз эмгегин баалашы керек. Аялдама жок жерден айдоочуларды токтото бербегиле, бир гана аялдамадан токтоорун эсиңерден чыгарбагыла! Мурунку маршруттук таксилердин заманын унуткула!”