"Баткен" бажысынын кызматкери миң доллар пара берип жаткан жеринен кармалды
Новость

УКМКнын маалымат кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын улук инспектору пара бергендиги үчүн кармалганын билдирди.

Бүгүн таратылган маалыматка караганда, 26-августта пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын МБК менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында, 1000 АКШ доллары өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын «Баткен» бажысынын улук инспектору, бажы кызматынын майору «К.Г.Б.» кармалды. 

Кармалган бажы кызматкери МБК «Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгынын» кызматкерине кызматтык иликтөө боюнча оң чечим чыгарып берүүсү үчүн пара берген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР МБК «Баткен» бажысынын улук инспектору, бажы кызматынын майору «К.Г.Б.»га карата КР КЖК 345-беренесинин 1-бөлүгүнүн (пара берүү) негизинде айып тагылып,  КР КЖК 96-97-беренелерине ылайык кармалып КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.