«Шрам» каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Новость

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагыда Кытай Эл Республикасынан келген инвесторлордун арызынын негизинде Ош шаарында жайгашкан «Мухаммед Умар» спорт клубунан чыккан «Шрам», «Череп» өңдүү каймана аттар менен белгилүү болгон УКТ мүчөсү А.у.А.нын аракеттерине бөгөт коюлду.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында аныкталган маалыматтарга ылайык: А.у.А. кытайлык ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен анын Лексус GX 460 үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жиберген. Ишкер унааны кайтарып берүүнү талап кылганда А.у.А. коркутуу-үркүтүү жолу менен, өзүн кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары тааныштырып, ишкерге карата күч колдонуп зомбулук көрсөтөөрүн айтып, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары менен («Дженго» - К.Досонов, «Казак» - Ж.Көлбаев жана У.Маратов) менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында А.у.А. кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын мындан бөлөк башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иштер алып барылууда. 

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ар кандай көрүнүштөрүнө каршы ырайымсыз күрөшүү уланууда.