Эми балык жана балыктан жасалган азыктарды экспортко чыгаруу кыйла жеңилдейт. Балыкчы шаарында балык өстүрүп, өндүрүп жана кайра иштетүүчү заманбап завод ишке берилүү алдында турат. Былтыр башталган курулуш иштери соңуна чыгып, учурда жабдуулар орнотулууда.
Завод толук кандуу ишке кирсе, күнүнө 30 тонна балыкты кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул жерде балыктын бардык түрү, айрыкча форель балыгы өндүрүлүп, тоңдурулган, туздалган жана ышталган түрлөрү даярдалат. Продукциялар негизинен Орусия, Казакстан жана Кытай мамлекеттерине экспорттолот.
Завод ишке кириши менен 60–70 адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болот. Ошондой эле бул ишкана аркылуу жалгыз гана Ысык-Көл аймагы эмес, Нарын жана Чүй облустарындагы балык өстүрүүчүлөр да балыгын кайра иштетүүгө шарт алышат.
Бул заводдун курулушу былтыр башталып, өткөн жылы атайын мезгил кутучасы салынган. Ишкана быйыл Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий түрдө ачылышы күтүлүүдө.