“Барскоон – Бедел” жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатабыз”, - деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусундагы “Барскоон – Бедел” унаа жолунун курулушун баштап берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү иш-чаранын кымбаттуу катышуучулары!
Азыркы тапта Кыргыз Республикасы өнүгүү жолуна түшүп, бийик дымак менен алдыга илгерилеп жатабыз. Өлкөбүздө ири долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашып жатканына жамы журтубуз күбөсүздөр.
Бүгүн мына ошондой чоң долбоорлордун бири “Барскоон – Бедел” автожолунун курулушун баштоого кадам таштап олтурабыз. Бул күн чоң окуя катары Кыргызстандын жаңы тарыхында жазылып калды десек туура болот.
Өзүңүздөр жакшы билгендей, жол салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү багытын аныктай турган маанилүү тармак болуп саналат. Байыркы доорлордо Жибек Жолу аркылуу соода-сатык эле эмес, маданият, илим-билим, көп-көп идеялар тарап келген. Кыргыз жергеси ошол байланыштын маанилүү бөлүгү болгон. Биз ошол тарыхый миссияны жаңы шартта улантып жатабыз.
2023-жылы Сиань шаарында өткөн “Кытай – Борбор Азия” саммитинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза менен жолугуп, “Бедел” долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашканбыз.
Ошол күндөн тартып бул маселе менин жеке көзөмөлүмдө турат. Кыска убакыттын ичинде көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, олуттуу иштер аткарылды. Башында бул долбоордун ишке ашарына күмөн санагандар да болду. Бирок биздин команданын чечкиндүүлүгү жана тынымсыз аракети менен бүгүн ал реалдуулукка айланууда.
Ишине берилүү менен эмгектенген адамдардын аракети аркылуу чоң максатыбыз жүзөгө аша баштады десек болот. Учурдан пайдаланып, долбоорду жүзөгө ашырууга салым кошкон ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем.
Архивдик документтерге кайрылсак, “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу 1996-жылдан бери көтөрүлүп келген экен. Бирок көп жылдар бою ар кандай себептерден улам ишке ашпай калган. Эгер бул жол ошол кезде курулуп калган болсо, өлкөбүз азыр өнүгүүнүн башка тепкичинде болмок.
Бирок биз өткөн ишке өкүнүп отура бербей, маселени жандандырып, ишке ашырууга бекем кириштик. Буюрса, чоң долбоорлордун бири катары “Бедел” өлкөбүздүн өнүгүү жолунда жаңы баскычка кадам таштады.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
“Барскоон – Бедел” жолун өз күчүбүзгө таянып, өз каражатыбызга куруп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетейин. Бир дагы кредит алган жокпуз, карыз алган жокпуз. Өзүбүздүн күчүбүз менен куруп жатабыз. Мамлекетибиз өз беделине, экономикасына, мүмкүнчүлүгүнө таянып, мындан башка ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Мындай кадамдар – өлкөнүн күчтөнүп жаткандыгынын, өз тагдырын өзү чечүүгө багыт алгандыгынын айкын далили.
Долбоорду ишке ашырууда көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кандай каржылоо механизмдери сунушталды.
Акыр аягында “Чайна роуд энд бридж корпорэйшн” (“China Road and Bridge Corporation”) компаниясы менен кызматташууга токтолдук.
“Чайна Роуд” компаниясы жолду 2029-жылдын сентябрына чейин толук бүтүрүп, транспорт каражаттары үчүн кенен жүрө тургандай кылып магистралды ачып берет. Калган иштерди 2030-жылдын сентябрына чейин толук аяктап, жолду расмий түрдө эксплуатацияга өткөрөт. Андан кийин да “кепилдик мезгили” каралган. Анын алкагында кандайдыр бир кемчиликтер чыккан учурда компания өздөрүнүн эсебинен оңдоо иштерин жүргүзөт.
Ушул жерде “Чайна Роуд” компаниясына баса белгилеп кайрыла кетейин. Бул ирет сиздерге мамлекетибиз үчүн өтө маанилүү жана масштабы боюнча чоң долбоорду ишеним артып тапшырып жатабыз. Ишти таза, ырааттуу жана сапаттуу бүтүрүшүңүздөр керек. Долбоор үлгүлүү болуусу шарт!
Ошону менен бирге, бул жерде отурган ар бир жетекчи жана ар бир аткаруучу өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти терең сезүүгө тийиш. Убакытты текке кетирүүгө жана жолдун сапатына кайдыгер мамиле жасоого жол берилбейт!
Урматтуу калайык калк!
Эми “Бедел” жолунун артыкчылыгы боюнча сандык маалыматтарга токтоло кетейин. Кытайдын Ак-Суу шаарынан Кыргызстанга болгон каттам бир тарапка 500 ашык чакырымга кыскарып, жүк ташуучулар үчүн, кеминде, 12 саат үнөмдөлөт. Эки тараптуу кыймылды эсептегенде айырма 1000 чакырымдан ашып, убакыт 24 саатка чейин кыскарат.
Логистикада убакыт да, аралык да – эң башкы чечүүчү факторлордон экенин жакшы билесиздер. Кыргызстан бул жолдун курулушу аркылуу айкын артыкчылыктарга ээ болуп, жаңы шарттарды түзүүгө жетишебиз.
Дагы бир маанилүү кабар менен бөлүшө кетейин. Буюрса, масштабдуу, ири “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу башталат. Бул комплекстүү долбоор Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы соода көлөмүн арттырат, товар алмашуу көбөйөт, эки өлкөнүн достугу менен ишенимин бекемдейт.
Ошентип, өлкөбүз азыр “Камбар-Ата-1” ГЭСи, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолу сыяктуу флагмандуу долбоорлорду ишке ашыруу менен алек. Биз сөз кылып жаткан “Барскоон – Бедел” жолу дагы алардын катарында. Чындыгында булардын баары – мамлекеттин өнүгүүсүн ыкчамдата турган олуттуу кадамдар.
“Экономиканын кан тамыры – жол” – деген накыл кепте айтылгандай, “Бедел”жолу өлкөбүздүн өнүгүүсүндө үч тарыхый бурулушту камсыздайт.
Биринчиси, сырткы дүйнө – чет өлкөлөр менен байланыш бекемделет. Кыргызстан континенттеги жолдорду бириктирген “тогуз жолдун тоомуна” айланат. Кытайдан Жакынкы Чыгышка, Европага кеткен жолдордун маанилүү бөлүгү дал ушул биздин аймакта кесилишет.
Экинчиси, улуттук экономиканын өсүшү жогорку темпте сакталат. Дыйкандарыбыздын түшүмү чет элдин базарларына тез жетет. Кереметтүү Ысык-Көлгө туристтер түз келет, ата мекендик бизнестин жаңы рынокторго чыгуусуна жол ачылат.
Үчүнчүсү, биз курган бул маанилүү жол кийинки муундарга мурас катары калат. Бүгүн баштап-бүтүргөн ишибиздин үзүрүн эртеңки муун көрөт, андан кийинкилер анын мөмөсүн алат. Жылдар өткөн сайын жолдун маани-маңызы тереңдеп, мүмкүнчүлүктөрү өлкөбүздүн өнүгүшүнө кызмат кылат.
Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында артыкчылыктуу төрт багыттын бири – өлкөбүздү “регионалдык хабга” айлантуу маселеси турат. “Бедел” долбоору – ушул мүдөөнү ишке ашыруунун негизги багыттарынын бири болуп саналат.
“Жолу оңолгондун иши оңолот” деген сөз бар элибизде. Биз таза ой, аруу кыял, ак ниет менен алдыбызга ушундай амбициялуу пландарды койдук.
Биз ыкчам темп менен жаңы Кыргызстанды куруудабыз.
Ынтымагы бекем, пейили кенен, ою ак, тилеги жакшы элибиз бар. Кудай буюрса, журтубузда биримдик, өлкөбүздө туруктуулук болуп турса, “Бедел” сындуу чоң-чоң долбоорлорубузду ишке ашыруу менен өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошобуз.
Жолубуз шыдыр, жолдошубуз Кызыр болсун!
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ыракмат!”