Салык кызматы жарандарды кыймылсыз мүлк салыгын төлөөнүн акыркы мөөнөтү 2025-жылдын 1-сентябры экенин эскертет.
2025-жылдын январь–август айларынын жыйынтыгында:
- турак үйлөрдөн жана имараттардан 19,4 млн сом,
- үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 млн сом салык түшкөн.
Мындан тышкары, автоматтык эсептөө модулу аркылуу салык төлөөчүлөрдүн жеке кабинеттерине 2 млн 377 миң 232 билдирүү жөнөтүлдү.
Жарандар 1-сентябрга чейин төмөнкү салыктарды төлөөгө тийиш:
- турак үйлөргө жана батирлерге салык (эгерде алар ишкердик иш үчүн пайдаланылбаса);
- үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салык төлөө төлөм коду же QR-код аркылуу жүргүзүлөт. Ар бир салык төлөөчүнүн жеке кабинетине эсептелген сумма тууралуу маалымат жиберилген.
Салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиккен күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып пул эсептелет.
Кошумча маалымат алуу үчүн жарандар жергиликтүү салык органдарына кайрылып, 116 кыска номерине чалып же www.sti.gov.kg расмий сайтына кирип таанышса болот.