Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 16:31де республиканын аймагында жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн күчү Ош облусунун аймагында 5 баллга чейин жетти:
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жар-Башы, Кулчу жана Кара-Шыбак айылдарында – 5 балл,
Дароот-Коргон, Чак, Жаш-Тилек, Кызыл-Эшме айылдарында – 4 балл,
Карамык, Кара-Тейит, Кабык жана Кашка-Суу айылдарында – 3 баллга чейин.
Учурда жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.