Сентябрдан тарта “Кеген” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол - Алматы - Каракол автобустук каттамдары ачыларын бүгүн өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагозов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Сентябрдан баштап Союз маалында каттап, эгемендүүлүк жылдары ар кыл себеп менен токтоп калган эл аралык маанидеги Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары жанданат. Аталган каттам жыл бою иштемекчи. Учурда Кыргызстандын транспорт министрлиги казакстандык кесиптештери менен белгиленген автобус каттамын жандантуу боюнча тиешелүү иш алып барууда", - деп жазды Аскат Алагозов.
Буга чейин маалымдалгандай, 25-августтан тартып “Каркыра-Унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштады. Бул чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин макулдашууларынын жыйынтыгы менен кабыл алынган.