Жеке клиникаларга онкологиялык ооруларды дарылоого уруксат берилди
Новость

Өлкөдөгү жеке клиникаларга онкологиялык ооруларды дарылоого уруксат берилгени белгилүү болду. 

Залалдуу шишикти дарылоодо мамлекеттик ооруканаларды монополия болуудан арылтуу - дартка чалдыккан тургундардын жашоосун жеңилдетет. Мындай пикирин Президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун башчысынын орун басары Шумкарбек Адилбек уулу билдирди. 

Буга чейин онкологиялык ооруга чалдыккандарды мамлекеттик ооруканалар гана дарылап келген. Эми жарандар лицензия алып, кызмат көрсөтө баштаган клиникаларга кайрыла алат. Бул өз кезегинде атаандаштыкты жаратып, онкологиялык ооруларды дарылоодо жарандарга түзүлгөн шартты жакшыртары айтылууда.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда жыл сайын 5 миңден ашуун адамдан онкологиялык илдеттер аныкталат. Эркектердин арасында ашказандын, аялдар арасында жатын моюнчасы менен эмчектин залал шишигине чалдыккандар басымдуу деп саналат. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын жатын моюнчасынын рагы менен 600 аял аныкталса, анын 300ү каза табарын маалымдаган.