Бишкектин четине мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын бириктирген көп профилдүү заманбап медициналык шаарча курулат. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгону бүгүн расмий кабарланды.
Анда мамлекет муну менен саламаттык сактоонун инфратүзүмүн масштабдуу модернизациялоо жана интеграциялоону максат кылары, калкка комплекстүү жана борборлоштурулган медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзүүнү көздөп жатканы белгиленген. Ошондой эле максат ишке ишса, шаардын ичиндеги негизги ооруканалар этап-этабы менен көчүрүлөрү кошумчаланган.
Каржылоо ооруканалардын имаратын сатуудан, жеке инвестициялардан жана эл аралык уюмдардын каражатынан жүргүзүлөт. Керек болгондо бюджеттен кошумча акча бөлүнөт.
Долбоорду Президенттин иш башкармалыгы жетектейт, Министрлер Кабинети шаарчаны куруу концепциясын иштеп чыгып, жер тилкесин аныктап, көчүрүлө турган ооруканалардын тизмесин тактайт. Ал жакка көчүрүлгөн мекемелердин "улуттук" статусу жана кызматкерлердин маянасына кошулган үстөк акы сакталат.