«Каркыра-автожол» көзөмөл өткөрүү пункту 24 сааттык режимге өттү
Новость

25-августунан тартып «Каркыра-автожол» көзөмөл өткөрүү пункту 24 сааттык иштөө режимине өттү.

Бул чечим Казакстан Республикасынын Президентинин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен болгон жогорку деңгээлдеги макулдашуунун негизинде ишке ашты.

Жаңы режимдин ишке киргизилишине арналган салтанаттуу азем өткөрүлүп, ага УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору генерал-майор А. Алимбаев, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Султанбаева жана Казакстан Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директорунун орун басары генерал-майор Т. Жунусов катышты.

Бул жаңылык эки өлкөнүн жетекчилигинин жакшы коңшулук мамилелерин чыңдоого жана экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.