Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу аяктады.
Маалыматка караганда, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, тендердик баасы 74 млн сомду түздү.
Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 873 чарчы метрди камтыйт.
Анда:
• тайпалык окуу класстары,
• оюн жана уктоо бөлмөлөрү,
• ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кабылдама,
• көрктөндүрүлгөн оюн аянтчасы бар.
Жаңы бала бакча айылдын бөбөктөрүнө 31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилет.