“Тынчтык көпүрөсү: чек арадагы ынтымак үчүн жаштардын байланышы” долбоору Баткен (Кыргызстан) жана Худжанд (Тажикстан) шаарларынан чек ара аралык ишенимди, өз ара түшүнүүнү жана регионалдык туруктуулукту бекемдөө максатында 60 жаш лидерлерди чогултту.
Бул демилге Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жалпы тарыхка жана маданиятка көңүл буруу аркылуу жаштарды чек ара аралык тынчтыкты жана достукту өнүктүрүүгө үндөйт. Программа 2025-жылдын июль айында башталып, үч негизги этаптан турат.
2025-жылдын 2-августунда 60 катышуучуга онлайн сессия өткөрүлгөн. Онлайн сессияда жаштар диалог жана кызматташуу аркылуу тынчтык орнотуунун кыйынчылыктарын жана жолдорун талкуулашкан.
2025-жылдын 21–24-август күндөрү Баткенде жана Худжандда ар бир шаардан 10дон тандалган 20 катышуучу менен бетме-бет семинарлар өткөрүлдү. Семинарларда катышуучулар тынчтык орнотуу, чек ара аралык кызматташуу жана өз ара түшүнүү темалары боюнча долбоор идеяларын иштеп чыгышты. Натыйжада, эки жеңүүчү тандалып ар бири 200 АКШ доллар өлчөмүндөгү кичи гранттарга ээ болушту.
2025-жылдын сентябрь айында Баткен жана Худжанд шаарларынын коомчулуктарында тынчтыкты, ишенимди жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эки кичи долбоор ишке ашырылат.
Долбоор C5+1 Жаштар Кеңешинин алкагында ишке ашырылат. С5+1 Жаштар Кеңеши – бул Борбор Азиядагы активдүү жана англис тилинде сүйлөгөн жаш лидерлердин аймактык тармагы. Ал жаштар C5+1 платформасынын тынчтык жана коопсуздук, экономикалык өсүш, энергетика жана айлана-чөйрө, ошондой эле эл аралык байланыштар сыяктуу максаттарын ишке ашыруу үстүндө иштешет.
C5+1 Жаштар Кеңеши Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Жарандык Демилгелер Борбору тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин гранты аркылуу ишке ашырылат. Кеңеш Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандын университеттеринин студенттерин бириктирет.
Ар жылы жаңы мүчөлөр улуттук өкүлчүлүк, лидерлик потенциал жана Кеңештин миссиясына болгон кызыгуунун негизинде ачык сынак аркылуу тандалып алынат. Учурда Жаштар Кеңеши 49 активдүү мүчөдөн жана 186 бүтүрүүчүдөн турат.
Тарыхы:
C5+1 Жаштар кеңеши 2016-жылы Кыргызстандагы АКШнын Элчилиги тарабынан борбордук Азия жана Ооганстандан келген ар кандай кесиптик деңгээлдеги, лидерлик жөндөмдөрү жана позитивдүү өзгөрүүлөргө болгон көз караштары бар жаштарды бириктирүү максатында түзүлгөн.
Биздин социалдык тармактар:
- Facebook: facebook.com/youthcouncil
- Instagram: instagram.com/youthcouncil_ca
- YouTube: youtube.com/@youthcouncil_ca
- Telegram: t.me/youthcouncil_ca
- LinkedIn: linkedin.com/school/с5-1-youth-council
ММК үчүн байланыш: Айзада Нурадильева, C5+1 Жаштар кеңешинин PR адиси
nuradileva_a@auca.kg