Бишкекте 34 жаштагы келин операция жолу менен эки кыз жана бир уул төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал 20-августта Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборуна кош бойлуулуктун 38-жумасында жеткирилген. Ага операция жасалып, 3 эм төрөлдү.
Ымыркайлардын биринчиси уул салмагы 2700 гр, бою 48 см.
Экинчиси кыз - салмагы 2800 гр, бою 50 см.
Үчүнчүсү кыз - салмагы 2055 гр, бою 48 см.