Мектептерде окучуулардын мектеп формасы өзгөрүлбөстүгүн агартуу министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн «Биринчи радиого» билдирди. Анын айтымында, ак кофта, ак көйнөк, кара юбка, кара шым министрликтин талабы. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мектеп формасы сакталууга тийиш. Бүгүнкү күндө бул боюнча ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
-Баш мыйзамда Кыргызстан светтик өлкө деп жазылып турат. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, мектеп формасы толугу менен сакталууга тийиш. Кыздар ак кофта, кара юбка, уул балдар ак көйнөк, кара шым кийгени жетиштүү. Балдар бирдей форма кийиши керек, - деп билдирди министр.