Себаттын үч мектеби Агартуу министрлигине өтөт
Новость

Коомчулукта талкуу жаратып жаткан Себаттын үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө  бир мектепте юридикалык жактан тактоо иштери жүрүп жатат.  Бирок бул мектептерде окуу процесстери токтоосуз жүргүзүлө берет. 

"Бул Себаттын окуу процессине таасири тийбейт. Азыркы мезгилде Себаттын 3 мектеби министрликке өттү. Бир гана мектепте юридикалык жактан тактоо иштери бар экен. Ошол эле маалда, быйылкы окуу жылына  окуу процесси толугу менен үзгүлтүксүз жүрөт. Бул жааттан алып караганда эч кандай маселе жок",-деди министр.