Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду.
Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызмат ордун тапшырды.
Ошол эле учурда Мамлекет башчысынын тескемеси менен Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды.