Канат Сагынбаев эмгек министри болуп дайындалды
Новость

Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Сагынбаев Канат Латипжановичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.