Эмгек министри Равшан Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду
Новость

Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Сабиров Равшанбек Азатович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.